Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Виртуалдык активдер жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

29-09-2022
15:14

Бүгүн, 29-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Виртуалдык активдер жөнүндөгү” мыйзам долбооруна киргизилип жаткан өзгөртүүлөр биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан демилгеленип, майнинг субъекттери үчүн электр энергиясына тарифтерин белгилөө бөлүгүндө тиешелүү мыйзамдагы кайталанууларды алып салууга багытталган.

Жыйында баяндама жасаган энергетика министринин орун басары Тилек Айталиевдин айтымында Кыргыз Республикасынын “Энергетика жөнүндө” мыйзамында отун-энергетикалык комплекстеги тарифти белгилөө укугу Министрлер кабинетине бекитилгендигин эске алуу менен “Виртуалдык активдер жөнүндөгү” мыйзамдан 17-беренени алып салуу сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Эмил Токтошев  өлкөдөгү майнинг субъекттеринин санына кызыкты. Ал эми министрдин орун басары учурда бир дагы майнинг субъектиси жок экенин кошумчалады. Ошондой эле депутат Нурланбек Шакиев кичи ГЭСтер интенсивдүү өнүгүп жатканын, бирок аларда электр энергиясын сатуу маселеси бар экенин белгиледи.

Депутат Улугбек Ормонов болсо Өзгөн районунун тургундарына 2022-жылдын ноябрь айынан 2023-жылдын апрелине чейин чектөөлөр боюнча эскертүүлөр келип түшкөнүн айтып: “Быйыл жылытуу мезгилине карата электр энергиясына чектөөлөр киргизилеби?” – деди. Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев бул маалыматты тактап берерин убада кылып, эч кандай чектөө жок экенин кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү