Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды

29-09-2022
15:52

Бүгүн, 28-29-сентябрь күндөрү Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды.

Биринчи окууда:

  • “2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 12.08.2022деги кир.№ 6-16545/22);
  • “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Акаев Ж., Ормонов У., Түмөнбаев А., Айдарбеков Ч., Алиев М.);
  • “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 03.06.22деги кир. № 6-11219/22);
  • “Соттук-эксперттик иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 15.06.22деги кир. № 6-12445/22);
  • “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы 14.06.22деги кир. № 6-12343/22).

Экинчи окууда:

  • “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 12.05.22деги кир. № 6-8865/22).

Үчүнчү окууда:

  • “2021-жылдын 4-мартында кол коюлган, 1994-жылдын 9-декабрындагы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгына байланыштуу Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, согуш жылдарындагы ооруктун эмгекчилери жана каза болгон аскерлердин жесирлери үчүн кошумча жеңилдиктерди жана материалдык жардамды белгилөө жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 01.06.22деги кир.№ 6-10902/22);
  • “Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 10.05.22деги кир. № 6-8561/22);
  • “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы, 14.03.22деги № 138 токтом);
  • “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы 29.10.21деги кир. № 6-15382/21).

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү