Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Бакытбек Мажитов кореялык эксперттер менен парламентти санариптештирүү боюнча долбоорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады

04-10-2022
12:09

Бүгүн, 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси Бакытбек Мажитов Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ли Джонгсу менен жолугушту.

Жолугушууга “Жогорку Кеңешти санариптештирүү” долбоорун деталдуу иштеп чыгуу үчүн Кыргызстанга келген IT-технологиялар тармагындагы кореялык эксперттер да катышты.

Корея тарапка жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирген Бакытбек Мажитов KOICA Кыргызстандагы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгилеп, “Түндүк” жана “Менин айылым” өңдүү долбоорлор тууралуу сөз кылды.

Муну менен катар Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси учурда парламентти техникалык жактан жабдуу боюнча 200 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү биргелешкен долбоор ийгиликтүү аяктап жатканын кошумчалап, көп иштер аткарылганына жана тармактык инфраструктура бир топ жакшырганына токтолду.

“2023-2027-жылдарга эсептелген “Жогорку Кеңешти санариптештирүү” долбоору да натыйжалуу болуп, жыйынтыгында депутаттардын шайлоочулар менен байланышын жакшыртаарына ишенем”, - деди Бакытбек Мажитов.

Өз кезегинде Корея тарап долбоордун суммасы 8 млн АКШ долларынан 8 млн 400 миң АКШ долларына чейин көтөрүлгөнүн билдирди. Алсак, Ли Джонгсу долбоор парламентти санариптештирүү аркылуу Кыргызстандагы демократияны өнүктүрүүгө багытталганын белгилеп, Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу функциясын күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү