Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитетте 2021-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы талкууланды

04-10-2022
12:28

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Эсептөө палатасынын аудитин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча отчет каралды.

Жыйынга бир катар министрликтерди өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча отчетту Эсеп палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков берип, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн негизги параметрлерине токтолду. Андан сырткары, социалдык объектилер, автожолдорду курууга жана реконструкциялоого бөлүнгөн каражаттар тууралуу баяндама жасады.

Талкуу маалында депутат Тазабек Икрамов 2021-жылы Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө жумшалган чыгымдар тууралуу сурап, муну менен катар быйылкы бажы төлөмдөрүнүн көлөмүнө кызыкты.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 1-сентябрына карата бажы кирешелери 8,5 млрд сомду түзүп, план 94%га аткарылган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көп.

Мындан тышкары, финансы министрлигинин өкүлү Баткенге былтыр 1 млрд 578 млн сом каралып, анын 1 млрд 321 млн сом бөлүнгөнүн маалымдап, ошондой эле бир жолку компенсация түрүндө 14,5 млн сом бөлүнгөн.

Депутат Гүлшаркан Култаева социалдык көйгөйлөргө токтолуп, былтыркы жылы 11 гана бала бакча курулганын өкүнү менен белгиледи. “Бирок, өлкөбүзгө 1800-2000 бала бакча зарыл”, – деди депутат.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү отчетту канаттандырарлык деп тапты.  

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү