Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

ЖК комитети КРнын жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Борбордук лабораториянын ишмердүүлүгү менен таанышты

04-10-2022
15:52

Бүгүн, 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин көчмө жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Алгач, эл өкүлдөрү Салиев көчөсүндө жайгашкан Борбордук лабораториянын майдалоочу цехине барып, пайдалуу кен байлыктардын үлгүлөрүн даярдоо иштеринин жүрүшүн жеринде көрүп чыгышты. Бул жерде депутаттарга тийиштүү жабдуулар: майдалагычтар, тегирмендер, кургатуучу шкафтар жана компрессорлор көрсөтүлдү.

Андан соң комитет мүчөлөрү Жаратылыш ресурстары министрлигинде жайгашкан Борбордук лабораториянын химиялык жана спектрдик анализ жүргүзүү боюнча цехине барышты. Адистер лабораторияда 44 элементтин анализи жүргүзүлөөрүн маалымдашты. 

«Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасынын директору Кантемир Мурзабеков белгилегендей, ишкана жаңы имаратка муктаж. «Бул жайларды биз ижарага алганбыз, андыктан оңдоо иштерин жүргүзүүгө да укугубуз жок. Майдалоочу цех бизге карайт, бирок имараты эскирип, оңдоого мүмкүн эмес. Буга байланыштуу лабораториянын бардык структуралык бөлүмдөрүн жайгаштыра турган жаңы имарат куруу зарыл», - деген К.Мурзабеков, учурда техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Башкармалыктын башчысы ошондой эле лаборатория кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу боюнча чараларга токтолду. «Айлык акы 15 миң сомдон 30 миң сомго чейин көтөрүлдү. Мындан тышкары материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү аракеттери көрүлүүдө. Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан аккредиттелген Борбордук лабораториянын жыйынтыктары 70тен ашык өнүккөн өлкөлөрдөн 43 миң лабораторияны камтыган ILAC эл аралык аккредитациялоо уюму тарабынан таанылган. Ошого карабастан, башка заманбап лабораториялар менен атаандаштыкка туруштук берүү үчүн биз жабдууларды модернизациялообуз керек», - деди Мурзабеков.

Өз кезегинде комитет мүчөлөрү ишкананын акыркы жетишкендиктерин белгилешип, ошондой эле Борбордук лабораторияга мындай жападан жалгыз мамлекеттик мекеме катары улуттук кызыкчылыкты коргоо, кендердин, баалуу металлдардын изилдөөлөрдүн тактыгын, ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүн баса белгилешти.

Жыйындын соңунда комитет төрагасы Азизбек Турсунбаев комитет мүчөлөрүнүн атынан лабораториянын жаңы имаратын курууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. «Бул маселе боюнча өкмөткө кайрылабыз. Өз кезегинде биз сиздерден сметалык документтерди күтөбүз», - деди А.Турсунбаев.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү