Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Жыйында баяндама жасаган ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов белгилегендей, мыйзам долбоору аркылуу Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү”, “Автомобиль транспорту жөнүндөгү”, “Билим берүү жөнүндөгү” жана “Ички иштер органдары жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталууда.
Талкуу маалында депутат Русланбек Жакышов жол кыймылын бузгандыгына байланыштуу чегерилген айып пулдардын өлчөмү жана аларга коюлган туум өтө чоң болуп жатканын белгилеп: “Айып пулга туум кошулганда айрымдардын айлык маянасынан да ашып кетип жатат. Бул жагдай пенсионерлерге да оорчулук туудурууда. Андыктан, маселени кайрадан карап чыгуу зарыл”, – деди.
Өз кезегинде Ички иштер министрлигинин өкүлү айып пулга коюлган туумдар алына тургандыгын айтып, жакында тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилерин маалымдады.
Андан тышкары, депутат Искендер Матраимов 2021-жыл менен быйылкы сегиз ай аралыгында катталган жол кырсыктарынын статистикалык маалыматтарын сурады. Муну менен катар жолдорду жарыктандыруу маселесине токтолду.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов өткөн жылдын алгачкы сегиз айына салыштырмалуу быйылкы сегиз айда жол унаа кырсыктарынын 8,9%га, андан каза болгондордун саны 31,3%га азайганын жүйө келтирип: “Быйыл сегиз айда 379 адам каза болду”,– деп маалымат берди.
Ал эми депутат Карим Ханджеза менен Алишер Эрбаев сунушталган мыйзам долбоорунда айрым тактоочу жагдайлар бар экенин билдирип, терең анализдеп чыгуу зарылчылыгын кошумчалашты.
Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Эмил Жамгырчиев мыйзам долбоору реформалоо багытын көздөбөстөн, жаза чараларын гана көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн айтып: “Долбоордо айып пулдар жөнүндө гана сөз болуп, укук коргоо кызматкерлеринин милдеттери жөнүндө эч кандай сөз айтылган эмес”, – деди.
Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков экинчи окууга чейин мыйзам долбоорундагы мүчүлүштүктөрдү жоюу менен айтылган бардык сунуштарды эске алып, оңдоп келүүгө чакырды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү