Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

IT-технологиялар тармагы боюнча кореялык эксперттер “Жогорку Кеңешти санариптештирүү” долбоорун деталдуу иштеп чыгууга киришти

04-10-2022
17:42

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Корея эл аралык кызматташуу агенттиги (KOICA) менен бирге 2023-жылдан 2027-жылга чейин болжолдуу бюджети 8,4 млн АКШ долларын түзгөн “Жогорку Кеңешти санариптештирүү” долбоорун ишке ашырууну мерчемдөөдө.   

Аталган долбоорду деталдуу иштеп чыгуу үчүн Кыргызстанга IT-технологиялар тармагы боюнча кореялык эксперттер тобу келген. Эске салсак, алар буга чейин да келип Жогорку Кеңештин техникалык базасы менен таанышкандан соң, бир катар сунуштарын киргизишкен.  

Белгилей кетсек, мерчемделген долбоордун негизги багыттарынын бири мыйзам долбоорлорун кароо жана добуш берүү процесстерин санариптештирүү болуп саналат.

Ал эми бүгүн парламенттин Жыйындар залында  Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Бакытбек Мажитов кореялык эксперттер менен практикалык маселелерди талкуулап, адистер жасала турган иштердин көлөмүн жеринде көрүштү. Ошондой эле Корея Республикасынын парламентине киргизилген алдыңкы технологиялар боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү.  

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү