Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эл аралык макулдашууларды өзгөртүүгө багытталган протоколдорду ратификациялоо маселеси каралды

05-10-2022
10:37

Бүгүн, 5-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору 2021-жылдын 19-октябрында Москва шаарында кол коюлган “2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагындагы эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык зоналар жана эркин бажы зонасынын бажы жол-жоболору маселелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо боюнча керектүү мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүүгө багытталган.

Андан тышкары, жыйында “2006-жылдын 24-ноябрында Минск шаарында кол коюлган КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууну жана 2017-жылдын 3-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган, 2006-жылдын 24-ноябрындагы КМШга катышуучу мамлекеттердин эл аралык автомобилдик ташуучуларын кошумча окутууга жана алардын кесиптик компетенттүүлүгүнө карата талаптарды шайкеш келтирүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору да үчүнчү окууда каралды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү