Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Өрт коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды

05-10-2022
11:34

Бүгүн, 5-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Өрт коопсуздугу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Белгилүү болгондой,  мыйзам долбоору өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдарды мындан ары жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиев өрт өчүрүүчү унааларды айдаган айдоочуларга материалдык жоопкерчилик негизсиз жүктөлгөнүн белгилеп, алар унааларын чийип албайлы деген коркунуч менен иштеп жатканын жүйө келтирди.

Ал эми депутат Русланбек Жакышов базарларда жана көп кабаттуу жаңы салынып жаткан үйлөрдө өрт коопсуздугу камсыздалбагандыгын айтып, бул маселени көзөмөлгө алуу керектигин кошумчалады.

Ошондой эле депутат Нурланбек Азыгалиев Суусамыр өрөөнүндө беш айыл бар экенин эскертип, ал жакты караган өрт өчүрүүчү мекеме жок экенин билдирди.

“Өрт өчүрүүчү мекемени Ош-Бишкек жолунун 154 чакырымына жайгаштырбастан, Суусамыр айылына коюу зарыл. Анткени, Анткени, 156 чакырымда коюлса, ал жерден Суусамырдын Тунук айылына чейинки аралык 20 километрди, Кызыл-Ой айылына чейинки аралык 75 километрди түзүп, өзгөчө кырдаалдарда жетишүүсү мүмкүн болбой калат. Жолдору да начар”, – деди.

Андан тышкары, депутат Камила Талиева жылдын кайсы мезгилинде өрт кырсыгы көп катталарын сурап, көп кабаттуу үйлөргө көзөмөлдү күчөтүү керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде тийиштүү мекеменин өкүлү 2020-жыл менен 2021-жылдагы салыштырма маалымат менен бөлүшүп, өткөн жылы мурдагы жылга салыштырмалуу өрт кырсыгы 21%га көп болгонун маалымдады. Муну менен катар тилсиз жоо жылытуу мезгилинде көбөйөрүн жүйө келтирди.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү