Бүгүн, 10-ноябрда “2015-жылдын 29-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн, Ислам өнүктүрүү банкынын, Жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари улуттук борборунун, Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору 2-окууда каралды.
Мыйзам долбоору боюнча Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев баяндама жасап, КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басарын милдетин аткаруучу Жаныбек Керималиев суроолорго жооп берди.
Маалыматка ылайык, долбоордун максаты сапаттуу асыл-тукум продукциясын сатып алуу менен мал ээлеринин кирешесин жогорулатуу, жергиликтүү малдын генетикалык потенциалын жакшыртуу болуп эсептелет. Ошону менен катар азык-түлүк коопсуздугун, айыл чарба секторунун атаандаштыгына салым кошууну камсыз кылат.
Долбоордо Жасалма уруктандыруу программасын башкаруунун институционалдык потенциалын бекемдөө, “Жасалма уруктандыруу программасы” өндүрүшүн жаңыртуу жана долбоорду башкаруу компонеттеринен турат. Долбоордун алкагында Ислам Өнүктүрүү банкы 300 миң, Индонезия Республикасынын Өкмөтү 938 миң АКШ доллары өлчөмүндө грант берет. Буга 132 миң АКШ доллары каражаты менен КР Өкмөтү кириши керек.
Долбоордун алкагында, жасалма уруктандыруу үчүн 10 миң доза тоңдурулган урук алынып келинет, Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун техникалык базасы модернизацияланат, тиешелүү адистердин жаныбарларды кайра өндүрүүдөгү ар түрдүү аспектидеги билимдери жаңыртылат жана Кыргызстанда малдын тукумун асылдантыруу, жакшыртуу боюнча уруктук банк түзүлөт.
Жыйында депутаттар бул долбоордук алкагында каралган каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча кеп-кеңештер айтылды. Ошону менен катар 5-7 жылда уйлардын породалары жакшыра баштаары белгилүү болду.
Аталган ратификациялык мыйзам долбооору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы