Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин комитети Кыргыз Республикасынын менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоорун карады

10-10-2022
21:05

10-октябрда Жогорку КеңештинЭл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимдин долбоору боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулуп, талкууланды.

Жыйын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган тиешелүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Андан тышкары жыйынга Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын мүчөлөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, делимитациялоо чөйрөсүндөгү адистер, бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Алгач Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы маалымат берип, Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттөр аралык комиссияларынын ишинин жетишилген жыйынтыктарына токтолду. Камчыбек Ташиев белгилегендей, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен төмөнкү участокторду Кыргыз Республикасына калтырып жазуу боюнча макулдашылды: Гавасай 12 849 га, Көк-Серек 105 га, Баястан 212 га, Унгар-Тоо 35 га, Кара-Белес 25 га, Ак-Таш 100 га, Шарихан-Сай каналынын бир бөлүгү 19,5 га.

“Өзбекстан Республикасы 1000 гектар жерди Ош облусунун Өзгөн районуна (500 га) жана Жалал-Абад облусунун Сузак районуна (500 га) берет”, – деген Камчыбек Ташиев документке кол коюлуп, ратификациялангандан кийин Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга кеңеерин кошумчалады.

Ал эми Орто-Токой суу сактагычы толугу менен Кыргызстандын карамагында каларын билдирди.

Мындан тышкары, Кемпирабад суу сактагычы боюнча 4485 гектар жер Өзбекстандын карамагында каларын маалымдады. Муну менен катар суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешип башкаруу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын сууга тоскоолдуксуз жана чектөөсүз кирүүсүн өзбек тараптан камсыздоо, тегерегине эч кандай инженердик-техникалык курулмаларды орнотпоо талабы камтылып жатканын айткан Камчыбек Ташиев: “Суу башкарууну эки мамлекеттин өкүлдөрү, кыргыз тараптан 4, өзбек тараптан 4 адам жүргүзөт”,– деди.

Талкуу маалында Жогорку Кеңештин депутаттары документтин долбоорун кеңири талкуулап, Өзбекстан менен болгон мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тактоочу суроолорду беришти. Ошондой эле эл өкүлдөрү бардык чек ара маселелери мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн чечилиши керектигин белгилешти. Мамлекеттик жана саясий ишмер Медеткан Шеримкулов бул маселени чечүү VII чакырылыштын депутаттарына жүктөлгөнүн белгилеп, талаштуу жерлерди макулдашуу процесси аягына чыкмайынча ички да, тышкы да туруктуулук болбой турганын жүйө келтирди.

Депутат Миргүл Темирбаева 1965-жылы кабыл алынган токтомго ылайык Өзбекстандан жерлерди компенсациялоо маселесин көтөрдү. Ал эми депутат Дастан Бекешев Кемпирабад суу сактагычын башкаруу боюнча өзүнчө келишим түзүү зарылчылыгын айтып: “Суу ресурстарын пайдаланууда талаш-тартыштуу маселелер болсо, алар кандай чечилет, так механизмдер керек”, - деди.

Депутат Балбак Түлөбаев каралып жаткан Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы келишимдин долбоорун колдоп, Тажикстан Республикасы менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процессин тездетүү керектигин кошумчалады. Мындан тышкары, депутаттар чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо татаал процесс экенин белгилеп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунушташты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү