Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

КМШга мүчө-мамлекеттерде айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы рыногун түзүүгө багытталган ратификациялык мыйзам долбоору 2-окууда талкууланды

10-11-2016
13:05

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн көчөт материалдарынын сортторунун жана гибриддеринин үрөнүн өндүрүүнү көп тараптуу мамлекеттер аралык адистештирүү жана жеткирип берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоору боюнча Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев баяндама жасады. Мыйзам долбоорунун максатын КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басарын милдетин аткаруучу Жаныбек Керималиев чечмелеп берди.

Бул Макулдашууну ратификациялоо айыл товар өндүрүүчүлөрүнүн керектөөсүн стабилдүү канааттандыруу үчүн, Макулдашуунун ар бир мамлекетте катталган жана перспективдүү сорттордун жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторунун үрөндөрүн, мөмө- жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү отургузуу материалын өндүрүү жана жеткирип берүүнүн мамлекеттер аралык адистештирүү чөйрөсүндөгү селекция жана үрөн чарба тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошондой эле, селекция, селекциялык жетишкендиктерди коргоо, топтоо, алмашуу, сактоо жана өсүмдүктөрдүн, үрөн чарбалардын, питомниктердин генетикалык ресурстарын эффективдүү пайдалануу тармагындагы жана үрөн жана аргындардын, мөмө- жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн отургузуу материалдарын эл аралык жеткирип берүү үчүн макулдашылган чечимдерди кабыл алууну камсыздайт.

Макулдашууну ратификациялоо КМШга мүчө-мамлекеттерде өз ара пайда келтирүүчү кооперациялык байланыштарды уюштурууга жана сактоого, үрөн жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн  отургузуу материалынын  жалпы рыногун түзүүгө, баанын механизмин жакшыртууга көмөктөшөт.

Талкууда бир катар депутаттар айрым жерлерге жеке жактар чет өлкөлөрдөн ар кандай көчөттөрдү алып келип жаткандыгын, ошол эле маалда Кыргызстанда бир катар өсүмдүктөр ооруп жаткандыгын айтып, сырттан кирген өсүмдүктөргө фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгилешти.

Жыйынтыгында аталган ратификациялык мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы