Бүгүн, 10-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кенжебек Бокоев Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамаатар күнүнө арналган “Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түптөлүшү жана өнүгүү келечеги” аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты.
Иш-чарада депутат К.Бокоев конференциянын катышуучуларын жергиликтүү жамаатар күнү менен куттуктап, жалпы эле мамлекеттин өнүгүүсүндө, алга жылуусунда жергиликтүү бийликтин эмгеги зор экендигин билдирди. Ошону менен катар бүгүнкү күндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери айлык маянасынын аздыгына карабастан, жергиликтүү жамаатын жашоосун жакшыртууга чон салымын кошуп келе жаткандыгын баса белгиди.
Депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңеш тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкарууну жакшыртуу максатында кабыл алынган мыйзам актыларына учкай токтолуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумун тескеген мыйзамдарды өркүндөтүү максатында демилгелеген мыйзам долбоорлору боюнча кеп кылып берди. Өз кезегинде айыл өкмөт башчысы болуп жергиликтүү жамааттын көйгөйүн жеринен билген депутат катары мындан ары дагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы мыйзамдарды жакшыртууга бар күч-аракетин жумушарын кошумчалады.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы