Жогорку Кеӊеште мыйзамдагы айрым түшүнүктөрдү тактоого жана карамакаршылыктарды жоюуга багытталган «Аудитордук иш жөнүндө» КР Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Мыйзам долбооруна ылайык, «Аудитордук иш жөнүндө» мыйзамдын 1. 1-статьянын 1-бөлүгү «- уюмдардын жана финансы-кредит мекемелеринин аудити боюнча комитеттердин иш чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүсү.» деген мазмундагы 4-абзац менен толукталат.
Ал эми 2. 4-берененин 2-бөлүгүндөгү «акы төлөнүүчү бөлөк иште» деген сөздөр «башка ишкердик иште» деген сөздөр менен алмаштырылат, «чыгармачылык иштен» деген сөздөрдөн кийин «жана ушул Мыйзамдын 1-статьясында чагылдырылган иштерден» деген сөздөр менен толукталат.
КР ЖК Басма сөз кызматы