Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында 1,2,3-окууда бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берилди.
1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:
- “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Исаева Д.Ш., Жамалдинов З.И., Мусабекова Ж.А.);
- “Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.09.16дагы № 477 токтом).
2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:
- “2015-жылдын 29-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Индонезия Республикасынын Өкмөтүнүн, Ислам өнүктүрүү банкынын, Жасалма уруктандыруу боюнча Сингосари улуттук борборунун, Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө Меморандумду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.07.16дагы № 392 токтом);
- “2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн көчөт материалдарынын сортторунун жана гибриддеринин үрөнүн өндүрүүнү көп тараптуу мамлекеттер аралык адистештирүү жана жеткирип берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 18.07.16дагы № 403 токтом);
- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Асылбаева Г.К., Арапбаев А.А., Жапаров А.Ү., Жеенчороев М.К., Макеев Н.К., Мамашова А.Т.).
КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:
- “Астана шаарында 2015-жылдын 9-декабрында кол коюлган Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишин улантуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 02.09.16дагы № 474 токтом);
- “2016-жылдын 25-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Шаарды өнүктүрүү долбоорун” каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 27.07.16дагы № 416 токтом);
- “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – ЖКнын V чакырылышынын депутаттары Текебаев Ө.Ч., Туманов Т.Т., Никитенко Н.В., Абдиев К., Скрипкина Г.А., Шайназаров Т.У., Кочкарова Э.А.);
- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарга) (демилгечилер ЖКнын V чакырылышынын депутаттары Никитенко Н.В., Скрипкина Г.А.).
ЧЕТКЕ КАГЫЛГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ:
- “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 10.03.15теги № 102 токтом) (Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин чечими – четке кагылсын).
КАБЫЛ АЛЫНГАН ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ:
- “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү укугуна ээ болгон ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы