Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Камила Талиева Баткендеги айрым мектептердеги билим берүү ишин убактылуу онлайн тартипте жүргүзүү сунушун берди

20-10-2022
11:10

Бүгүн, 20-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлүп, коопсуздук маселеси да айтылды.

Алсак, депутат Камила Талиева Баткен облусундагы чек арага чектеш аймактардагы калк кооптонуу менен жашап жатканын жүйө келтирип: “Ар бир минута кыжаалатчылык менен өтүүдө. Андыктан жергиликтүү элдин сунушун эске алып, мектеп, бала бакчалардагы билим-тарбия иштерин убактылуу онлайн негизде жүргүзө туруу керек”, – деди.   

Ал эми депутат Шарапаткан Мажитова ата-энеси жок, кароосуз балдар бойго жеткенде атайын интернаттардан чыгарыларын билгилеп, алар андан ары каралбай, көчөдө каларын кошумчалады. “Ага ылайык, алардын келечегине да көңүл буруубуз кажет”,– деди депутат.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү