“Мектеп директорлору эмнеге 20 жылдап жылуу ордунан козголгулары келбей олтурушкандыгын көрүп эле жүрөбүз. Демек, ал жерде кандайдыр бир тартылуу күчү зор болсо керек. Себеби, айрымдары өзү мектеп директору болуп жүрүп, кызматтан кетеринде ошол иш ордун уул-кызына, же келин-кесегине өткөрүп берген көрүнүштөр деле бар. Эмнеге министр, акимдерди иштен алуу тез-тез кайталанып турат дагы, ал эми мектеп директорлоруна келгенде мококтук кылабыз?”,- деген суроонун актуалдуулугун айтып, депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 10-ноябрда “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду.
Мектептерде кошумча акча чогултууларга колунда барлар эле чыдабаса, өп-чап турмуш кечиргендердин чама-чаркы жетпей баратат. Аны бизге келген кайрылуулар далилдейт,- дейт депутат Бишкек шаарындагы мектептердин мисалдарына токтолуп. Эми алдыда дагы региондордогу мектептердин бул багыттагы иштерин иликтөөгө алуу зарылчылыгы жаралууда деген эл өкүлү атайын депутаттык комиссия түзүлгөндүгүн да кошумчалады.
Депутат ошондой эле ордо калаадагы №61- мектеп лицейинин айланасындагы катуу талаш-тартышка жем таштаган орунсунсуз окуялар тууралуу да кеңири маалымат берип, угармандардын бир топ суроолоруна жооп берди.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы