Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды. Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары А.Узакбаев, М.Бакиров, Т.Зулпукаров, К.Бокоев.
Мыйзам долбоору боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Мирлан Бакиров баяндама жасады.
Республикада ичүүчү таза суунун кыйла запасына карабастан, айрым адамдар таза суу алуу үчүн насостук станцияны кое алышпай келүүдө.
Мыйзам долбоору өлкөнүн бардык региондорунун калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо, суу тазалоочу курулманын жана канализация системасынын маселесин чечүү максатында иштелип чыккан.
“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга сугат жерлерин которууга (трансформациялоого) жайылтпоо бөлүгүндө толуктоо киргизилет, анда суу тазалоочу курулманын жана канализация системасынын курулуучу жерлерди которууга моратория жайылтпоо каралууда.
Мыйзам долбору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы