Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат М.Бакиров: “Ысык-Көлдө көлмө форелин өстүрүүнү кайра колго алуу зарыл”

10-11-2016
16:45

Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (“Балык чарбасы жөнүндө”, “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө”, “Балыктын Ысык-Көлдү жана Соң-Көлдү байырлаган баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого, ташууга, сатып алууга, сатууга жана алып чыгууга тыюу салуу жөнүндө” мыйзамдарга) каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Бакиров М.И., Акматов А.Ж.

Депутат Мирлан Бакиров депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, мыйзам долбоору балык чарбасы боюнча укуктук-ченемдик базаны өркүндөтүү максатында иштелип чыккандыгын белгиледи. Ысык-Көл көлүндөгү атайын көлмөлөрдө көлмө форелин өстүрүүгө тыюу салуу менен көлмө балыктарын өстүрүү чарбасынын иши токтоп калды. Учурда көлмө курулмалары өз максатында пайдаланылбай, жөн эле турат. Ошондуктан, Ысык-Көлдө көлмө форелин өстүрүүнү кайра колго алуу зарыл.

Талкууда бир катар депутаттар өз маалында Ысык-Көлдөгү көлмөлөрдөгү торлор жырылып кетип, дал ушул форелдер Ысык-Көлгө кирип кетиши менен чабак балыктары жоголгондугун айтып, андай окуя кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албай дешет. Алар мындай жүйөөлөрү менен мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти. Бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдоого алышты.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорунун концепциясы 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы