Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясы өлкөнүн ички эмгек рыногун коргоого багытталган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө, Тышкы миграция жөнүндө, Мамлекеттик алым жөнүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Бакытбек Адылов мыйзам долбоору аркылуу чет өлкөлүк жогорку адистиктеги адистердин мамлекет тарабынан бөлүнүүчү квотадан тышкары 3 жылга чейинки мөөнөттө чектөөсүз иштөөсүнө мүмкүндүк бериле турганын билдирди. «Биздин башкы милдетибиз өлкөнүн ички рыногун коргоо болуп саналат. Ошондон улам, чет өлкөлүк жумушчулардын агымын жөнгө салуу максатында ушундай ченем киргизилүүдө. Ишканадагы мындай адамдардын саны 20 пайыздан ашпоого тийиш. Калган жумушчу орундарын толугу менен кыргыз жарандары ээлейт», - дейт ал.
Андан сырткары, төмөнкү адистиктеги жана адистиги жок чет өлкөлүк жарандарга да айрым чектөөлөр киргизиле турганы белгилүү болду. Ишканадагы мындай катмардагы адамдардын саны 10 пайыздан ашпашы керек. Ошондой эле, мамлекеттик алымдардын өлчөмүн жогорулатуу чарасы да сунушталууда. Алым тарифи 1996-жылдан бери өзгөртүлбөгөндүктөн, азыр чет өлкөлүк жаран жылына 2 миӊ сом төлөйт. Мисалы, алар Казакстанда 4 миӊ сомго, Түркияда 1 миӊ долларга чейин төлөйт. Эгерде, биз тарифти жогорулатсак, бюджетке 150 млн сом кошумча каражат түшөрү болжолдонууда.
Талкуу жүрүшүндө фракция мүчөлөрү мыйзам долбоорунун алгылыктуу жактарын белгилөө менен бирге, ишканадагы чет өлкөлүк жарандардын жалпы санын 10 пайыздан ашырбоо, андан ашса жергиликтүү бюджетке кошумча каражат которуу, мыйзам долбоорундагы коррупциялык тобокелчиликтерден ашыруу жаатында бир катар сунуштарын берди. Өкмөт өкүлдөрү экинчи окууга чейин берилген сунуштарды эске алууга убада кылды.
КР ЖК Басма сөз кызматы