Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын жүрүшүндө депутат Азамат Арапбаев билимди экспорттоо туризм тармагы сындуу эле өтө кирешелүү тармак болуп санала турганын, ошондуктан өлкөнүн жогорку окуу жайларынын билим берүү деӊгээлин анда окуган чет өлкөлүк жарандардын саны менен аныктоо зарылдыгын, кайсы жогорку окуу жайында чет өлкөлүктөр аз окуса, ал мекемеде билим берүү деӊгээли төмөн экенин билдире турганын баса белгиледи.
«Мурда Билим берүү министрлиги чет өлкөлүк студенттердин санына чектөө койгон, биз аны алдырып салдык. Анан алардын контрактык төлөмдөрүнө Антимонополия кызматы да аралашууга аракет кылды, биз бул маселени да чечип бердик. Эми өлкөнүн жогорку окуу жайларында окуган чет өлкөлүк студенттердин санын кескин көбөйтүү керек. Мындан таардык тарап утушта болот», - деди ал.
Ал эми депутат Евгения Строкова чет өлкөлүк студенттерге карата квоталарды азырынча ошол бойдон калтыруу керектигин айтты. Анын пикиринде, депутаттын сунушу өтө кызыктуу, бирок чет өлкөлүк студенттердин чектелбеген агымы кыргызстандык жаштардын жогорку окуу жайларына өтүүсүндө кошумча кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Ойлонуп көрүш керек.
КР ЖК Басма сөз кызматы