Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитет 2023-жылга республикалык бюджеттин долбоорун талкуулады

01-11-2022
17:44

Бүгүн, 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечи - Министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаров.

Жыйында баяндама жасаган финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева 2023-2025-жылдарга карата болжолдонгон экономикалык көрсөткүчтөргө токтолду.

Алсак, республикалык бюджеттин жалпы кирешелери мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2023-жылы 322 млрд 766,0 млн сом суммасында же ИДПга карата 34,8% каралган. Ал эми республикалык бюджеттин кирешеси 2024-жылы 389 миллиард 211,5 миллион сомду, 2025-жылы 443 миллиард 829,8 миллион сомду түзөөрү болжолдонууда.

Андан тышкары, 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 344 миллиард 029,2 миллион сом (ИДПга карата 37,1%) деп белгиленсе, 2024-жылга 375 млрд 807,4 млн сом, 2025-жылы 420 млрд 314,0 млн сом болоору күтүлүүдө. Тагыраагы, 2023-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 млрд 263,2 млн сомду же ИДПга карата 2,3%ды түзөт.

Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов Баткен облусун калыбына келтирүүгө бөлүнгөн 3 млрд сомдун кайсы бөлүгү өздөштүрүлгөндүгүн сурады. Жибек Дүйшеева учурда бул каражаттын эсебинен 1,6 млрд бөлүнүп, иштетилип жатканын билдирди. Эл өкүлү Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу маселесине да токтолду. Министрдин орун басары бул ири долбоорду ишке ашырууга жакынкы үч жылда 1,5 млрд сом, анын ичинде быйылкы жылы 117 млн сом, 2023-жылы 816 млн сом бөлүү пландалып жатканын айтты.

Ал эми депутат Алишер Козуев республиканын тышкы карызын өз убагында тейлөө жана 2022-жылга карата бажы төлөмдөрүн чогултуу планын аткаруу зарылдыгын белгиледи. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков, оор геосаясий кырдаалдан улам бажы кызматы үстүбүздөгү жылдын төлөмдөрүн чогултуу планын 24 млрд сомго жакын суммага аткара албай турганын айтты. «Бүгүнкү күндө 57 млрд сом чогултулду, ал эми 2022-жылга план 98 млрд 500 млн сом көлөмүндө мерчемделген», - деди ал.

Депутат Максатбек Сарбагышев Баткен облусун колдоого багытталган 3 млрд сомду максаттуу пайдалануу жана бул каражаттарды бөлүштүрүүгө жооптуу мекемелер аралык комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Министрдин орун басары Жибек Дүйшеева депутаттын суроолоруна жооп берип жатып, бул каражаттын 1 млрд Мамлекеттик курулуш агенттигине турак жайларды калыбына келтирүүгө, 420 млн Транспорт министрлигине, 129 млн сому Чек ара кызматына, 137 млн сом Ички иштер министрлигине, 100 млн сом - Айыл чарба министрлигине бөлүнгөнүн маалымдады.

Өз кезегинде депутат Сеидбек Атамбаев 2023-жылдын бюджетинин долбоорунда энергетика саясатын ишке ашырууга 43,9 млн сом каралганын, бул быйылкы жылдын бюджетинен 73,4 миллион сомго аз экенин белгилеп: «Муну менен катар, электр жабдууларынын эскилигине байланыштуу трансформаторлорду, электр чубалгыларды алмаштырууну талап кылган тургундардан түшкөн кайрылуулардын саны өсүүдө», - деди С.Атамбаев.

Депутат Исхак Масалиев кыргыз-кытай чек арасындагы үзгүлтүксүз соода жүгүртүүнү камсыз кылуу максатында Кытайда Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлчүлүгүн ачууну сунуштады.

Отурумдун жыйынтыгында депутаттардын сунуш-пикирлерин жана сын-пикирлерин эске алуу менен мыйзам долбоору жактырылды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү