Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын жыйынында өлкөнүн ички эмгек рыногун коргоого багытталган мыйзам долбоору талкууланып жатканда, депутат Искендер Кадыркулов баштаган бир катар эл өкүлдөрү мурда эмгек мигранты катары барып, кийин Орусия жарандыгын алган мекендештерибиздин кайра Кыргызстанга келип иштөөсүндө кандай жеӊилдиктер каралганына жана кандай талаптар коюла турганына кызыкты.
Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Бакытбек Адылов Россиянын жарандыгын алган мекендештерге Евразия экономикалык бирлигинин аймагында иштөөсүнө эч кандай чектөөлөр коюлбай турганын билдирди. «Алар башка орус жарандарындай эле 30 күндүн ичинде катоого турат. Ал эми ишке кабыл алууда башкалардай эле кадимки жолжоболордон өтөт», - дейт ал.
Депутат Евгения Строкова башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдарга аргандай артыкбаш жеӊилдиктер каралбашы керек деген пикирде. «Эгер адам Россиянын жарандыгын алса, Россиянын жарандарына коюлчу талаптар коюлуга тийиш. Мисалы, мен Россияга иштөө үчүн барсам, мага Кыргызстандын жараны катары талап коюлат, башка жеӊилдиктер жок», - деп кошумчалады ал.
КР ЖК Басма сөз кызматы