Бүгүн, 11-ноябрда борборубуздагы “Орион Хотелс” отелинин конференц-залында “Кыргыз Республикасындагы ичүүчү суу жана саркынды суу тармактарындагы улуттук саясат” деп аталган тегерек стол жыйыны болуп өттү. Иш чарага депутаттар М.Бакиров, К.Иманалиев, А.Алтыбаева жана А.Акматов катышты.
Ушул 2016-жылдын август айында дүйнөнүн 130 өлкөсү катышкан Стокгольмдогу “Бүткүл дүйнөлүк суу жумалыгына” катышып келгендигин айткан Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы, депутат Мирлан Бакиров,- “Дүйнө калкынын 1/3 бөлүгү таза сууга муктаж”,- дейт. Андыктан таза суунун кадырына жете билип, анын сапатын арттырууга каралган каражаттарды, айрыкча донорлор бөлгөн инвестицияларды сарамжалдуулук менен өз максатына жумшасак, таза суунун тартыштык маселеси жаралбайт”,- деди. Ошондой эле эл өкүлү, -“ Кичи шаарларды суу менен камсыздоо дээрлик аяктап калды. Айрым айылдардын сууга болгон муктаждыгын чечүү жумуштары да жок эмес. Бул ишти ыкчамдатуу керек. Анткени, суу - бул өмүр. Андыктан, элдин ырыскысына суук колду салбаш керек!”,- деген омоктуу оюн дагы ортого салды.
Депутат Каныбек Иманалиев,- “Суу өмүрдүн булагы. Дүйнөдө БУУнун берген маалыматы боюнча 3 миллиардга жакын калк таза сууга жетпей келишет. Дагы 25 жылдан кийин ушундай эле оор абалга 5 млрд. киши туш болоорун окумуштуулар аныкташкан. Бул ХХI кылымдын курч көйгөйү суунун тартыштыгына байланыштуу жараларын айтып турат”,- дейт. Ошондой эле ал,- суу стратегиясын иштеп чыгыш керек,- дейт. Суу академиясын ачып, тиешелүү адистерди даярдоо –мезгилдин талабы. Ушул суу маселесинде эл аралык мамилелерди жөнгө сала турган адистер абадай зарыл болуп турат. Керек болсо тышкы карыздардан кутулуунун бир жолу суу ресурстарын пайдалануу менен чечилет. Азыр дүйнөдө нефть тармагындагы магнаттардын катарын улап, суу магнаттары пайда боло баштады,- деген мисалдар дагы К.Иманалиевдин баяндамасында камтылды.
Депутат Айнуру Алтыбаева,-“ Суунун сапаттуулугун камсыздаганда гана ден соолук бекем болот. Тариф саясатына келгенде суу акысын төлөөдөн качкандар болбойт. Болгону убагында таза суу менен камсыздоо керек”,- дейт.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы