Жогорку Кеңештин Төрагасы өз атынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун акыркы вариантын эл аралык стандарттар боюнча талдоого алуу үчүн Венеция комиссиясынын расмий кароосуна жөнөтүшү керек деген сөздөр айтылып келе жаткан.
Мындай пикирлер тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын юридикалык бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет:
«КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө акыркы мыйзам долбоорун эл аралык стандарттар боюнча талдоого алуу үчүн Венеция комиссиясына расмий суроо-талап жөнөтүү Жогорку Кеңештин Төрагасынын ыйгарым укуктарына (милдетине дагы) кирбейт. Мындай ыйгарым укук Жогорку Кеңештин комитеттеринин кароосуна таандык маселе. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 29-беренсинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин комитети өзүнө таандык болгон маселелер боюнча мыйзам долбоорун Өкмөткө, Акыйкатчыга (Омбудсменге), ошондой эле көз карандысыз эксперттик уюмдарга корутундуларды жана сунуштамаларды берүү үчүн жиберүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу (милдеттүү эмес). Жогорку Кеңештин комитеттери коллегиалдуу орган болуп саналат жана өз алдынча маселелерди өз ишмердүүлүгүнүн алкагында чечет.
Мындан сырткары, конституциялык көзөмөлдү жүргүзүүчү жападан жалгыз мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы расмий корутунду чыгарган. Анда Жогорку Кеңешке 2016-жылдын 23-сентябрында №6-22317/16 номери менен катталган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы боюнча «Референдумду (бүткүл элдик добуш берүү) белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна тиркелген «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору фундаменталдуу укуктарга жана адамдардын жана жарандардын эркиндигине каршы келбестиги белгиленген».