ЖКнын СДПК фракциясынын депутаты Данияр Аттокуров атайын иш сапар менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун алыскы аймактарынын бири болгон Ак-Шыйрак айыл өкмөтүндө болуп кайтты.
Анда депутат Ак-Шыйрак эли менен жолугуп, алардын ар кандай суроо талаптарын, арыз даттанууларын жакындан угуп, АРИС долбоору аркылуу жаңы ачылып жаткан заманбап ФАПтын ачылышына катышты. ФАПтын ачылышына байланыштуу жардам иретинде белек катары 1 компьютер, 1 коляска (майып машинкасы ) тапшырды. Мындан сырткары, эл өкүлү айылдын борбордук көчөсүнө “Жарык” долбоордун алкагында 20 жарык бергич прожекторду берди.
Ак-Шыйрак айыл аймагы Жети-Өгүз районунун борбору болгон Кызыл-Суу айылынан 270 чакырым алыстыкта жайгашып, климаттык шарты татаал, дыйканчылык жүргүзүүгө мүмкүн болбогон аймакта жайгашкан. Айыл өкмөтүнө караштуу 4 айыл; Кара-Сай, Ак-Шыйрак, Үч-Кошкон, Ыштык айылдары бар. Анда жалпы болуп 94 түтүн, 558 адам жашайт. Ак-Шыйрак айыл аймагы Кытай Эл Республикасы менен чектеш жайгашкандыктан чек-араны кайтарууда Ак-Шыйрак, Кара-Сай чек ара заставалары иш алып барышат.
СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы