Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Ар бир айылда тарыхка ушундай мамиле жасалса, бабалардын баскан жолу түбөлүккө унутулбайт"

11-11-2016
17:38

Бүгүн, 11-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков, депутат Элвира Сурабалдиева Чүйдүн Сокулук районунун Асылбаш айылында курулган "Тарыхтан таш баян" аттуу комплекстин ачылышына катышты.

Бул комплекске Манас, Барсбек баштаган улуу инсандарыбыздын ысымдары жана Үркүн, Октябрь, Ооган, Баткен, Апрель окуялары сыяктуу урунттуу тарыхый учурлардын даталары чегилген. Төрага Чыныбай Турсунбеков комплекстин тасмасын кесип жатып, Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен белгиленип жаткан "Тарых жана маданият" жылында түбөлүктүү мурас болуп келечек муунга калчу арбын иштер аткарылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, аталган комплекстин курулушу да ошол иш-чаралардын уландысы. Анткени кыргыз тарыхынын баардык урунтуу учурларын байланыштырып, улуу инсандарыбыздын аты-жөнү чегерилген бул таш баян бабалардын баскан жолун чагылдырып турат.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Ч.Турсунбеков эгемендүүлүктүн шарапаты менен баардык тарыхый окуяларга калыс баа бериле баштаганына Улуу Үркүн окуясын мисал келтирди. "100 жыл мурун бабаларыбыздын башына түшкүн каран түн эми гана калыс иликтенип, Президент баш болгон баардык коомчулук тарабынан татыктуу эскериле баштады. Ата-Бейит комплексинде атайын эстелик ачылып, ага Орусиянын Президенти Владимир Путин келип зыярат кылып кетти. Мына бүгүн Асылбашта ачылган комплексте да ошол окуялар камтылып олтурат. Андыктан, асылбаштыктар үчүн эле эмес, жалпы кыргызстандыктар үчүн бул жай ыйык жайлардын катарына кошулат деген ишеничтебиз", - дейт Ч.Турсунбеков.

Андан тышкары, ар бир айылда тарыхка ушундай олуттуу мамиле жасалса, бабалардын баскан жолу түбөлүккө унутулбайт деген Төрага, аталган комплекстин ачылышын демилгелеп, колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди. Ошону менен катар Жогорку Кеңештин атынан каржылык жардам тапшырды.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы