Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Сүт өндүрүү долбоорун иштеп чыгууга 525500 доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлүнөт

14-11-2016
10:38

Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети ”Бишкек шаарында 2016-жылдын 16-августунда кол коюлган КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду” даярдоо максатындагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясын келерки жыйында такталган маалымат менен кошо талкуулоо чечимине келди.

Келишимге ылайык, Дүйнөлүк банк Ысык-Көл облусунун сүт өндүрүү тармагын жакшыртуу максатында 525500 доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Каражат негизинен 4 багытта жумшалмакчы: жеринде изилдөөлөрдү жүргүзүү; тиешелүү документтерди даярдоо; мекемелердин мүмкүнчүлүгүн арттыруу; гранттык аудитти жүргүзүү.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, азыр уйлардын сүттүүлүгү кыйла төмөн, ото эсеп менен ар уйдан жылына 2028 кг сүт саалат. Ошондуктан, Ысык-Көл облусунда сүт өндүрүү ишин жолго коюунун зарылдыгы бар. Бул гранттык каражатка атайын долбоор иштелип чыккан соӊ, пилоттук долбоорду ишке ашырууга 25 млн доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя жана гранттык каражат бөлүнөт. Караж 2017-жылдан тарта түшө баштоого тийиш.

КР ЖК Басма сөз кызматы