Бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Жыйында маалым болгондой, бардык ички жол-жоболор аяктагандан кийин макулдашуу 2019-жылдын 17-апрелинде гана расмий күчүнө кирген, тагыраагы кредиттик каражаттарды иш жүзүндө өздөштүрүү төлөм графигинде каралган мөөнөттөн кеч башталган. Буга байланыштуу негизги карызды төлөө графигин өзгөртүү менен төлөө мөөнөтүн 2024-жылдан баштап 2039-жылга белгилөө зарылчылыгы келип чыккан.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү