Бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Жыйында баяндама жасаган транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев белгилегендей, макулдашуунун негизинде венгриялык тарап менен жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү эл аралык автомобилде ташуу чөйрөсүндөгү мамилелер жөнгө салынат. Бул ата мекендик жүк ташуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү менен Венгрияга жүк ташууларды көбөйтүүгө жана Европанын башка өлкөлөрүнө эл аралык транзиттик жүктөрдү ташууга мүмкүндүк берет.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү