Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети өлкөнүн чек арага жакын аймактарында аң уулоого тыюу салуу максатында иштелип чыккан “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.
Өкмөттүн маалыматына караганда, мамлекеттик чек ара калктуу конуштар аркылуу өткөн же калктуу конуштар түздөн-түз мамлекеттик чек арага жанашкан участоктордо чек ара тилкесинин тереңдиги Мамлекеттик чек арадан 50 метрден 100 метрге чейинки кеңдикте, ал эми калктуу конуштар мамлекеттик чек арадан бир аз алыс жайгашкан жерлерде 100дөн 1000 метрге чейин белгилениши мүмкүн.
Ошондон улам, мыйзамга төмөнкүдөй өзгөртүү сунушталууда: “Чек ара тилкесинде, ошондой эле чек ара тилкесинин сырт жагынан 500 м аралыкта, мамлекеттик чек ара сызыгынан чек ара тилкесинин туурасы 50-100 метрди түзгөн жерлерде аң уулоого тыюу салынат”. Мындай өзгөртүү мамлекеттик чек ара режимин сактоону камсыздоого жана чектеш мамлекеттердин аймагына октордун учуп өтүшүнө жол бербөөгө мүмкүндүк берет.
Талкуу жүрүшүндө депутат Алмасбек Акматов чегарачылардын өзүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал эми депутат Дастан Жумабеков Чек ара кызматынын жетекчилигине кийинки окууга чейин чек ара аймагындагы абал, анда аӊчылык жасоо аракеттерин жөнгө салуу чаралары жаатында кеӊири маалымат берүү тапшырмасын берди.
КР ЖК Басма сөз кызматы