Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр сунушталууда

16-11-2022
17:52

Бүгүн, 16-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты 2002-жылдын 17-18-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, 2010-жылдын апрель-июнь жана 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуяларда каза болгон жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыркаган жарандарга мамлекеттик колдоону күчөтүү болуп саналат.

«Инфляциянын шартында жарандардын жогоруда көрсөтүлгөн категориялары үчүн жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатуу маселеси азыркы учурда маанилүү жана актуалдуу болуп саналат. Жогорудагыларды эске алуу менен мыйзам долбоорунда жөлөкпулдардын өлчөмүн 3700 сомдон 5500 сомго чейин жогорулатуу каралган». – деди.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү