Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Джамиля Исаеванын төрайымдыгы алдында Социалисттик эмгектин баатыры, коомдук ишмер мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгына арналган Тоо экотутумдарын туруктуу өнүктүрүү боюнча: «Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо – тажрыйбалар, жетишкендиктер, келечектеги максаттар» аттуу Борбордук Азия форумунун пленардык жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин, чет өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.
Пленардык жыйынды ачып жатып, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Джамиля Исаева иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолуп, Кыргызстан жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн айыл чарбасын өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу мамлекеттердин улуттук бакубаттуулугунун эң маанилүү фактору болуп саналаарын белгиледи.
Ошондой эле Джамиля Исаева Корчубек Акназаровдун эмгек жолу тууралуу сөз кылып, ал жооптуу кызматтарда иштеп турган учурда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого зор салым кошконун, айыл чарба өндүрүшүнүн мыкты уюштуруучусу болгонун кошумчалады.
«Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Корчубек Акназаровичтин басып өткөн өмүр жолу, ишмердүүлүгү баарыбыз үчүн үлгү. Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровичтин форумдун аталышына түздөн-түз байланыштуу болгон ишмердүүлүктөрүн эскере турган болсок, ал киши өзү иштеп кеткен бардык райондордо – Тоо экотутумдарын сакталышына, туруктуу өнүктүрүүгө, ошол аймактарда азык-түлүк өндүрүүнүн натыйжалуулугун көтөрүүгө, башкача айтканда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого зор салым кошкон», - деди.
Андан соң Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин XII чакырылышынын («Легендарлуу парламент») Төрагасы Медеткан Шеримкулов, мамлекеттик жана коомдук ишмер Апас Жумагулов, Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев, депутат Исхак Масалиев, Айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров жана башка чакырылган коноктор баяндама жасашты.
Алар өз сөзүндө Корчубек Акназаровдун өмүр жолуна жана жасаган иштерине токтолуп, анын жогорку кесиптик жана адамдык сапаттарын тууралуу сөз кылып, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга кошкон баа жеткис салымын баса белгилешти.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин II жана V чакырылыштарынын депутаты Роза Акназарова атасынын жаркын элесине арналган пленардык жыйындын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди. Тагыраагы, жер-суу ресурстарынын потенциалын жогорулатуу менен айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жана малдын продуктуулугун жогорулатуу, илимпоздордун эмгектерин колдонуу, үрөн базасын жакшыртуу жана асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү сыяктуу багыттар боюнча.
Мындан тышкары, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы директорунун орун басары Девид Хильке айым талкууланып жаткан теманын актуалдуулугун белгилеп, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Аткаруу кеңеши Кыргыз Республикасындагы 5 жылдык иш планын бекиткендигин маалымдады.
«Учурда дүйнөлүк деңгээлде азык-түлүк коопсуздугу боюнча талкуулар жүрүп жатат, анткени жаңжалдардын, пандемиянын, климаттын өзгөрүшүнүн таасиринен бул көйгөйлөр дүйнөдөгү 345 миллионго жакын адамга таасирин тийгизди», - деди Девид Хильке.
Белгилей кетсек, Тоо экотутумдарын туруктуу өнүктүрүү боюнча форумунун пленардык жыйыны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана башка өнөктөштөрдүн көмөгү менен уюштурулду.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү