Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” фракциясы "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө"Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун карап, колдоду.
Аталган маселе боюнча баяндама жасаган финансы министри Алмаз Бакетаев мыйзам долбоору 2023-2025-жылдарга бюджеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылуу жана бюджеттик процессти эффективдүү башкаруу максатында иштелип чыкканын белгиледи.
Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2023-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 322 млрд 766 млн сом же ИДПга карата 34,8% өлчөмүндө каралууда. Ал эми чыгашалардын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 344 миллиард 29 миллион сом (ИДПга карата 37,1%) деп белгиленди. Тагыраагы, 2023-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 21 млрд 263 млн сомду же ИДПга карата 2,3%ды түзөрү күтүлүүдө.
Талкуу маалында депутат Динара Ашимова консолидацияланган бюджет боюнча маселени көтөрүп, Бюджет кодексинде мындай норма жок экенин баса белгиледи. Каржы министри Алмаз Бакетаев 2012-жылдан бери консолидацияланган бюджет боюнча маалыматтар республикалык бюджетке тиркеме түрүндө чагылдырылып келе жатканын айтты. “Эгерде “консолидацияланган бюджет” деген түшүнүктү колдонсоңуз, аны Бюджеттик кодекске киргизүү керек”, - деди депутат Динара Ашимова.
Депутат Замирбек Мамасадыков айыл чарба тармагына берилген жеңилдетилген насыялардын көлөмү аздык кыларын билдирип, республиканын коммерциялык банктары аркылуу жеңилдетилген насыяларды берүү механизмдерин карап чыгууну сунуштады.
Депутат Винера Раимбачаева Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетине көңүл буруп, жакында өткөн парламенттик угууларда каражаттын жетишсиздиги боюнча маселелер көтөрүлгөнүн эске салды. Муну менен катар медициналык жабдыктардын сапаты, өтө маанилүү жана керектүү дары-дармектер боюнча суроолорду көтөрдү.
Ошондой эле депутат Султанбай Айжигитов да Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттерин консолидацияланган бюджетке киргизүү туура эмес экенине токтолуп: “Бюджеттик кодекске консолидацияланган бюджет тууралуу так аныктама бергиле. Бардык суроолорго каражат жок деп жооп бересиз. Бирок, мамлекет жарандардын алдында социалдык милдеттенме алгандыктан, бул сөзсүз аткарылышы керек дегенди билдирет”, - деп баса белгиледи.
Фракция лидери Нуржигит Кадырбеков бюджеттик каражаттарды уурдоого каршы күрөшүү маселелерине токтолуп, коррупцияга каршы аракеттенүүнүн так механизмдери керектигин кошумчалады. Муну менен катар республикадагы ирригациялык системаны калыбына келтирүү жана оңдоо, ошондой эле Баткен облусунун калкын колдоо үчүн атайын эсептик каражаттар боюнча маселелерди көтөрдү. Андан тышкары, маданиятты өнүктүрүү жана колдоо боюнча атайын фонддорду түзүү зарылчылыгын кошумчалады.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү