Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы Миграция маселелери боюнча кеңештин жыйыны өттү

18-11-2022
17:01

Бүгүн, 18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Миграция маселелери боюнча кеңештин жыйыны өттү.

Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдордун өкүлдөрү катышты.

Жыйынды ачкан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева Миграция маселелери боюнча кеңештин максатына токтолуп: “Миграция тармагы Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Анткени, көпчүлүк мекендештерибиз чет өлкөдө жашап, эмгектенип келишет. Алардын өз үй-бүлөсүнө эле эмес, өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымы чоң. Андыктан аларга ар тараптуу жардам берип, көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүүбүз кажет” – деди. Ошондой эле башка мамлекеттерде 150дөн ашуун кыргыз диаспорасы ийгиликтүү иштеп жатканын эске салган Джамиля Исаева алардын эң чоңу Россия Федерациясында экенин кошумчалады.  

Андан соң Миграция маселелери боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Медер Рахман баяндама жасап, 2022-жылы аткарылган иштер, кийинки жылга карата мерчемделген жумуштар тууралуу маалымат берди.

Акыркы 10 жылдагы статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү 8,75 млрд доллар, ал эми чет өлкөдөгү мекендештерибиз которгон каражаттын көлөмү 22,9 млрд доллар болгонун айткан Медер Рахман миграция маселесине өзгөчө көңүл буруп, өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгына токтолду.

Талкуу маалында депутат Шайлообек Атазов коомдук башталышта иштеген Миграция маселелери боюнча кеңештин ишине жогору баасын берип, тиешелүү министрликтерди биргелешип иш алып барууга чакырды.

Депутат Айбек Маткеримов эмгек мигранттары тушуккан бир катар көйгөйлөрдү көтөрсө, депутат Надира Нарматова аталган тармакты тейлеген өз алдынча министрлик түзүүнүн зарылчылыгын кошумчалады.

Мындан тышкары жыйында бир катар мекемелердин өкүлдөрү тармакка тиешелүү маселелерди камтыган баяндамаларды жасашты.

Жыйынтыгында келгендерге миграция көйгөйлөрүн чагылдырган “Келечек” тасмасы көрсөтүлдү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү