Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Тармактык комитет Ош облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө

21-11-2022
10:34

Депутат Винера Раимбачаева баштаган Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү Аида Исатбек кызы, Надира Нарматова, Айгүл Айдарова, Жалолидин Нурбаев Ош облусуна иш сапары менен барды.

Эл өкүлдөрүн бир катар министрликтердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү коштоп жүрөт.

Алгач комитет мүчөлөрү Араван районунда болуп, аймактагы мектептердин, ооруканалардын, маданият үйү, китепкана жана музыкалык мектептин ишмердүүлүгү менен таанышты. Көчмө жыйын жүрүшүндө №37 К.Мухамедов атындагы мектептин жамааты билим берүү мекемесинин имараты авариялык абалда экенин жана жаңы мектеп куруу зарылчылыгын айтышты.

“Бала бакчага ылайыкташкан имаратты мектеп кылып пайдаланып алганбыз. Бир кабаттуу мектеп талапка жооп бербейт”,— деди мугалимдердин бири.

Муну менен катар 1987-жылы курулуп, учурда 264 окуучуга билим берип жаткан мектепте балдардын тамак-ашына бөлүнчү каражат жетишсиз экени айтылды. Кезинде депутат Айгүл Айдарова бул маселени парламенттин жыйынында көтөрүп чыкканын билдирди.

“2023-жылдын бюджетинен окуучулардын тамак-ашына 20 сомдон бөлүнсүн деп айтып чыккам. Бирок бюджетте акча жоктугуна байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги 14 сом болот дептир. Балдар үчүн 50 сом болсо да аябашыбыз керек”, — деди эл өкүлү Айгүл Айдарова.

Ал эми депутат Надира Нарматова эскилиги жеткен мектепти оңдоонун ордуна жаңы имарат куруу керек деген сунушун билдирди.

Андан соң депутаттар Араван районунун Тепе-Коргон айыл аймагындагы №29 А.Саламов атындагы мектепке жана №2 М.Саид атындагы мектеп-гимназиясына барышты. Ал жакта да мугалимдер мектептердин эскилигин, жаңы имаратка муктаждыгын айтып, көйгөйдү чечүүгө жардам көрсөтүүнү өтүнүштү. Эл өкүлдөрү маселени чечүү боюнча пикирлерин билдирип, өз сунуштарын беришти.

Ушундай эле көйгөй Араван жалпы дарыгерлеринин практикалык борборунда да айтылды. Тагыраагы, 1991-жылы курулган оорукана ушул күнгө чейин капиталдык ремонттон өтпөгөнү белгиленди. “Оорукана 30 орунга ылайыкташканы менен Араван аймагындагы 21 миң калкты тейлейт. Аппараттар жетишсиз жана эскилиги жеткен. Акча каражатын бөлүп беришсе оңдоп-түзөмөкпүз”, — деди бейтапкананын башчысы Кутманбек Айтибаев.

Депутат Аида Изатбек кызы аталган бейтапканада төрөт бөлүмү жоктугуна токтолуп: “Бул жердеги аялдар төрөт үйү жоктугуна байланыштуу райондогу ооруканага барышат экен. Муну чечүүнүн жолун табуу керек”, - деди эл өкүлү.

Андан ары Араван районундагы китепканалардын абалы менен таанышкан эл өкүлдөрү балдар китепканасынын имаратынан жаанда тамчы өтүп жатканына күбө болушту. Маданият министринин орун басары Түмөнбай Колдошев аталган жайда китеп окууга мүмкүнчүлүк жоктугуна токтолду.

“Бөлмөлөрдүн полу, чатыры да эскирип кеткендиктен тамчы өтүп турат. Бул жерде 31 миңден ашуун китеп бар. Азыр райондук маданият бөлүмү 35 миллион сомдун тегерегинде долбоор даярдоодо. Максат — бул имаратты бузуп, ордуна жаңысын салуу. Тез арада китепкананы калыбына келтирүү кажет”,- деди министрдин орун басары.

Эл өкүлдөрүнүн мындан аркы сапары Ош облусунун Чоң-Алай районунда уланат. Анда депутаттар аймактагы көйгөйлөр менен жеринде таанышып, эл менен жолугушат.

ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү