Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү кеңейтилген жыйында талкуулап, колдоду. Муну менен катар “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндөгү” мыйзам долбоорун да жактырды.
Жыйынга Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетинин тиешелүү жетекчилери катышты.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев “Кыргыз почтасынын” кызматкерлеринин айлыгы 6 миң сомдун тегерегинде экенин белгилеп, көтөрүү маселесине токтолду. Муну менен катар мугалимдердин маянасы боюнча маселени көтөрүп, сентябрь айындагы кайра эсептөөнүн жыйынтыгы менен алардын маянасы азайганын жүйө келтирди.
Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов “Кыргыз почтасынын” ишмердүүлүгүн трансформациялоо боюнча чаралар көрүлүп жатканын, анын алкагында кызматкерлердин айлык акысы кайра карала турганын билдирди.
Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билим берүү тармагындагы реформалар, мугалимдердин жазуу жүзүндөгү отчетторунун көлөмүн 85%га кыскартуу, мугалимдердин эмгек акысын эсептөө методикасын өзгөртүү маселелери тууралуу айтып берди.
Депутат Таалайбек Сарыбашев Баткен облусундагы чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн турак жайларды куруу жана жарандарга ссуда берүү боюнча суроолорун узатса, депутат Шайлообек Атазов 2022-жылы Бишкекте 15 мектеп курулганын эске салып, 2023-жылы бала бакчаларды курууну сунуштады.
Депутат Айбек Алтынбеков 2023-жылы жаңы жумуш орундарын түзүү, ири ишканаларды ачуу маселесин көтөрдү. Өз кезегинде экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 2023-жылы 20 миң жаңы жумуш орундарын түзүү пландалып жатканын маалымдады.
Депутат Шарапаткан Мажитова социалдык тармактагы, өзгөчө Баткен облусундагы көйгөйлөргө көңүл буруп, аталган облустагы медициналык мекемелердин имараттарын оңдоо зарыл экенин кошумчалады.
Ошондой эле депутат Жаныбек Абиров салыктык кирешелер жана Бишкек шаарынын бюджетин түзүү боюнча суроолорун берсе, депутат Талайбек Масабиров спорт тармагындагы иш-чараларды өз убагында каржылоо керектигин белгиледи. Ал эми депутат Марлен Маматалиев 2023-жылга импорттун жана экспорттун көлөмүнүн болжолу боюнча маселени тактап, Түркмөнстан-Кытай магистралдык газ түтүгүнүн курулушунун абалы тууралуу сурады.
Депутат Камила Талиева аймактардагы социалдык маселелерге токтолуп, акимдер менен Президенттин аймактардагы өкүлдөрүнүн ишине өзгөчө көңүл бурду. Ал ошондой эле узак мөөнөттүү социалдык объектилердин курулушун бүтүрүү зарылчылыгын белгиледи.
Андан тышкары, жашоо минимумуна байланыштуу суроолорду берген депутат Султанбай Айжигитов өлкөдөгү жумушсуздуктун деңгээлине жана жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган жарандардын санына токтолду. “Экономикалык системанын натыйжалуулугу анын туруктуулугунан көз каранды, ошондуктан ар кандай кырдаалдарга даяр болуу зарыл”, - деди Султанбай Айжигитов
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү