Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бир катар мыйзам долбоорлорун карады

21-11-2022
15:52

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети бир катар мыйзам долбоорлорун карады.

Тагыраагы, “2022-жылдын 24-мартында Москва шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык комиссиясынын жана Евразия экономикалык бирлигинин сотунун Россия Федерациясынын жарандары болуп саналган кызмат адамдарын жана кызматкерлерин пенсиялык камсыздоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндөгү”, “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдардын долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды.

Андан тышкары, “2021-жылдын 15-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу” жана “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорлорун экинчи окууда колдоду.  

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү