Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Көмүскө экономикадан чыгуу  бюджетке чоң таяныч

21-11-2022
16:31

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында 2022-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы каралды. Бул багытта Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абиров бүгүн, 21-ноябрда "Парламент" радиосуна маек курду.

Эл өкүлүнүн айтымында, бул жолу 2022-жылдын бюджетинин акыркы өзгөртүүлөрүнө көңүл бурулду. “Министрлер Кабинетинин түшүндүрмөлөрүнө таянсак, бюджеттин тартыштыгы 35 млрд. сомду түзөт. Таңкыстыктын такталышына келгенде, бажы тармагынан жыйналчу каражат белгиленген чекке жетпей калган. Ал эми салык жыйноо жагынан жакшы иштер жүргөндүгүнө токтоло кетсек болот. Аталган ведомство 160 млрд. тегерегиндеги сумманы чогулткан. Салык саясатын туура нукка салып, ККМ (контролдук-кассалык машинкаларды), электрондук-эсептерди (счетторду) колдонуу менен бюджетти толтуруу шарттарын колго алганда республикалык бюджеттин триллондогон чектерге жетери талашсыз. Салыктан качпай, көмүскө экономикадан чыгуу  бюджетке чоң таяныч”, - деп билдирди депутат.

Баткен областын өнүктүрүү шарттарын колго алууда эркин экономикалык аймактын ишин жакшыртуу зарыл. Бул 2023-жылы жүзөгө ашырылчу маанилүү кадамдардын бири,- деп белгилеген эл өкүлү,- аталган областтагы насыя алуучуларга шартка карап кредиттик каникул берүү керектигине да токтолду.

 

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү