Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Бюджет боюнча комитетинде «Патент мыйзамы жөнүндө» мыйзам долбоору каралды

21-11-2022
17:25

Бүгүн, 21-ноябрдагы Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында «Патент мыйзамы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева белгилегендей, «Патент мыйзамынын» долбоору аны актуалдаштыруу, жаңылоо жана аны Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболоруна толугу менен шайкеш келүүсүн камсыздоо, ошондой эле тексттин тактыгынын жана ырааттуулугунун жалпы деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Мындан тышкары, жыйында  «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жана барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү