Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутаттар Алай районуна отурукташкан памирлик кыргыздардан кабар алды

22-11-2022
09:28

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөлөрү Алай районунун Талды-Суу айылына барып, Ооганстандан көчүп келген этникалык кыргыздардын абалы менен таанышып кайтты.

Депутаттар алгач кайрылмандардын кышка даярдыгына кызыгышты. Алай районунун акиминин орун басары ар бир үйгө жылына акысыз көмүр берилип келгенин белгилеп: ”Бул жылы да үч тоннадан көмүр таратылат”, — деди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова памирликтерге мамлекет тарабынан бардык социалдык кепилдиктер жеткиликтүү экенин кошумчалады.

“Учурда памирлик кыргыздардан 17 түтүн бар болсо, анын ичинен 35 бала жөлөкпул, эки киши карылыгы боюнча пенсия алат. Мектеп жашындагы жана андан улуу курактагылар билим алууга тартылган”, - деди министрдин орун басары.

 Муну менен катар Министрлер кабинетинин кабыл алынган программасына ылайык, памирлик кыргыздар үчүн жалпы 95 турак-үй куруу пландалганын белгиледи. “Бул үчүн Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Бурган-Суу айылынан 60 гектар жер аянты трансформацияланып, башкы план даярдалган. Курулушту баштоо үчүн быйыл министрликтен 10 миллион сом которулуп берилген”, - деди Жылдыз Полотова.

Эл өкүлдөрү жакында гана көчүп келген памирликтер менен да жолугушту. Мында да турак-жайга муктаждык маселеси көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева кайрылмандарга жардам берүү жаатында тийиштүү жумуштар алып барыларын билдирди.

Ал эми депутат Надира Нарматова айтылган көйгөйлөр жүйөлү экенин белгилеп, бирок өз алдынча да өнүгүүгө карай умтулууга чакырды.

Депутаттар андан ары памирлик кыргыздар билим алган мектепке барышты. №41 С.Умарходжаева атындагы орто мектепте памирликтерден 34 окуучу билим алып жатканы маалым болду. Эл өкүлдөрү алар менен пикир алмашты.

Андан тышкары, айыл аксакалдары памирлик кыргыздардын элге сиңип, өз алдынча киреше табууга аракеттенип жатышканына токтолушту. Ошондой эле жалпы аймактагылар үчүн эгин жерлерин чечип берүү зарыл экенин маалымдашты.

Эске салсак, Ооганстандагы Кичи жана Улуу Памирдеги кыргыздарды алып келүү жараяны 2017-жылы башталып, Нарын облусуна 50 түтүн көчүрүлгөн. Алардын айрымдары бир жылдан соң кайра Ооганстанга кайтып, калган үй-бүлөлөр 2019-жылы Ош облусунун Алай районуна жайгаштырылган.

Бүгүн алардан кабар алуу иш сапарына депутаттар Винера Раимбачаева, Аида Исатбек кызы, Надира Нарматова, Айгүл Айдарова, Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери катышты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү