Түз
эфир
Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияз ээлеген кызмат ордунан өз каалоосу менен баш тартат. Бул тууралуу тармактык комитеттин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.
Депутат өзү мүчө болгон «Ата Мекен» фракциясы жакында түзүлгөн парламенттик көпчүлүк коалициясынын курамына кирбей калганын, эми бул комитетти парламенттик көпчүлүк коалициясына мүчө фракциялардын биринин өкүлү жетектей турганын билдирди. Ошондон улам, ал өз каалоосу менен комитет төрагалыгынан баш тартуу чечимине келгенин кошумчалады.
КР ЖК Басма сөз кызматы