Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Виртуалдык активдер жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.
Мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан демилгеленип, майнинг субъекттери үчүн электр энергиясына тарифтерин белгилөө бөлүгүндө тиешелүү мыйзамдагы кайталанууларды алып салууга багытталган. Тагыраагы, Кыргыз Республикасынын “Энергетика жөнүндөгү” мыйзамында отун-энергетикалык комплекстеги тарифти белгилөө укугу Министрлер кабинетине бекитилгендигин эске алуу менен “Виртуалдык активдер жөнүндөгү” мыйзамдан 17-беренени алып салуу сунушталууда.
Талкуу маалында депутат Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоору боюнча тактоочу суроолорду узатса, депутат Жаныбек Кыдыкбаев майнинг субъекттерине жер тилкелерин бөлүштүрүү укугун жергиликтүү бийликке тапшыруу сунушун берди.
Ал эми депутат Гуля Кожокулова өлкөдөгү майнинг субъекттеринин санын сурады. Бирок Министрлер кабинетинин өкүлү жооп бере алган жок.
Ошондой эле депутат Султанбай Айжигитов майнинг компаниялары өнүгүүгө түздөн-түз тоскоолдук жаратарын белгилеп, алардын ишмердүүлүгүнө каршылыгын билдирди. Ушундай эле пикирге токтолгон депутат Арсланбек Малиев бирок криптовалюталардын келечеги бар экенин айтып, жогорку окуу жайларында бул багытта сабактар окутулушу керектигин кошумчалады.
Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү