Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө» мыйзамына, Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жактырылды

23-11-2022
12:00

Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” Мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечилер – депутаттар Култаева Г.О., Нарматова Н.А., Саккараев М.Дж., Кыдыкбаев Ж.С., Сулайманов Э.Н., Сыдыков Б.У., Шакиев Н.Т., Исмаилов Ф.Д., Абдалиев М.А., Толонов Д.Э., Жакышов Р.Ш., Исираилов А.А., Маматалиев М.А., Боронбаев А.Ж., Жамгырчиев Э.Э., Ажибаев Ч.И., Шабазов Б.В., Мамасадыков З., Козуев А.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлшаркан Култаева белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты - Кыргыз Республикасынын ички соодасын өнүктүрүү, азык-түлүк жактан көз карандысыздыгын бекемдөө, азык-түлүк коопсуздугун жана акыйкат атаандаштык чөйрөсүн камсыз кылуу болуп саналат.

«Соода тармактары сунуштаган келишимдер ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн өтө оор жана катаал болууда. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ички сооданы жөнгө салуучу төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат: контрагентти азык-түлүк товарларын өткөрүү боюнча кызматтарды, логистикалык кызматтарды, товарларды даярдоо, иштетүү, таңгактоо боюнча кызматтарды жана башка ушул сыяктуу кызматтарды көрсөтүүгө багытталган акы төлөп кызмат көрсөтүүчү келишимдерди, анын ичинде үчүнчү жактар менен түзүүгө, ошондой эле башка келишимдерди түзүүгө мажбурлоого тыюу салуу белгиленген. Мындан тышкары, Мыйзам долбоору менен «азык-түлүк товарларын өткөрүү боюнча кызмат» деген түшүнүктү киргизүү каралган», - деди Г.Култаева.

Баяндамачы кошумчалагандай, азык-түлүк товарларын берүүчү тарабынан соода ишканаларынын пайдасына жасалган бардык төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнө 5%га чейин чектөө киргизилүүдө. «Бул, бир жагынан, соода тармактарынын сатылып жаткан товарларга болгон керектөө талабына дем берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүсүнө тоскоолдук жасабоочу, экинчи жагынан – мүмкүн болуучу кыянат пайдалануулардын алдын алуучу механизмди түзүүгө мүмкүндүк берет», - деген Г.Култаева, башка мыйзам долбоору менен сунушталган өзгөртүүлөргө токтолду.

Талкуу маалында депутат Мейкинбек Абдалиев, Жаныбек Абиров мыйзам долбоорун колдоп, сунушталып жаткан чаралар улуттук азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, ата мекендик азык-түлүк продукциясын туруктуу өндүрүүгө көмөк көрсөтөөрүн белгилешти.

Ал эми депутат Нуржигит Кадырбеков ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо боюнча өлкөдө бирдиктүү саясат жүргүзүү керектигин айтып, өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү да ата мекендик товарларды чет өлкөлөргө чыгаруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Депутаттар Бактыбек Сыдыков, Карим Ханджеза товар өндүрүүчүлөрдүн да, соода ишканаларынын өкүлдөрүнүн да кызыкчылыгын эске алуу керектиги тууралуу сөз кылышты.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү