Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

“Элдик” депутаттык тобу Ош облусунда көчмө жыйын өткөрүүдө

13-05-2022
10:22

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин “Элдик” депутаттык тобунун мүчөлөрү көчмө жыйын алкагында Ош облусунун Араван жана Ноокат райондорунун социалдык-экономикалык маселелерин талкуулоодо.

Анын ичинен көчмө жыйында 2022-жылга карата жазгы талаа иштеринин жүрүшү, аталган райондордун тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана Араван районундагы суу сактагычтын курулушу боюнча маселелер көтөрүлүүдө. Айрыкча, чек арага чектеш аймактардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө басым жасалууда.

Белгилей кетсек, жыйынга Транспорт жана коммуникация министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, Финансы министрлигинин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү