Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

«Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапты

23-11-2022
15:12

Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Жыйында баяндама жасаган санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров белгилегендей, мыйзам долбоору жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ишин оптималдаштыруу жана ушул чөйрөдө көрсөтүлүүчү каттоо кызматтарынын сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов жаңы төрөлгөн балдарга фамилия берүүнүн тартибине токтолду. Ал эми депутат Айбек Осмонов бир адамга эки персоналдык идентификациялык номер берилип калган учурларга көңүл буруп, ПИНдин бирин жоюунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү сунуштады. «Бул маселе учурда комиссия тарабынан 10 күндүк мөөнөттө каралат. Карап чыгуу мөөнөтүн 3 күндөн ашпашы керек», - деди.

Ошондой эле депутат Тазабек Икрамов «Алтын паспорттор» тууралуу сөз кылып, өкмөткө ири инвестициялар үчүн жарандык берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Мындан тышкары, депутат Карим Ханджеза мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында жарандык абалдын актыларын санариптештирүү процесстерин тездетүүгө чакырды.

Депутат Камила Талиева калкты тейлөө борборлорундагы узун кезектерге көңүл бурду. «Көптөгөн жарандар алыстан келип, кээде ЦОНдордо бир нече күн убакыт өткөрүшөт. Бул чоң ыңгайсыздыктарды жаратууда. Ар бир айыл өкмөтүндө ушундай калкты тейлөө борборлорун ачууну сунуштайт элем», - деди эл өкүлү.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү