Түз
эфир
Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.
Тагыраагы, мыйзам долбоору “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамды Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзамга, Салык кодексине, Жазык-процесстик кодексине ылайык келтирүүгө багытталган.
Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү