Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Жогорку Кеӊеште ЕАЭБде ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору жактырылды

23-11-2022
16:28

Бүгүн, 23-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, колдоо тапты.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Макулдашуу навигациялык пломбаларды колдонуунун учурларын жана тартибин, байкоо жүргүзүү объекттерин, жүктөрдү ташып өтүүчү транспорттун түрлөрүн, жүктөрдү ташууга байкоо жүргүзүүнүн катышуучуларын, улуттук операторлор менен контролдоочу органдардын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн негиздерин аныктайт.

Навигациялык пломбаларды колдонуу менен байкоого алуу бажы транзитинин бажылык жол-жобосуна ылайык автомобиль жана темир жол транспорту менен ташылган товарларга, ошондой эле өз ара сооданын алкагында ташылган санкцияланган товарларга, алкоголдук продукцияга, тамекиге жана тамеки буюмдарына карата колдонулат. Келечекте зарыл болгон учурда жана мүчө мамлекеттердин демилгеси боюнча Комиссия аныктаган башка товарларга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн колдонууга болот. Макулдашууда байкоого алынбай турган товарлардын (мисалы, тирүү жандыктар, үйүп ташылуучу жүктөр, ж.б.) тизмесин даярдоо боюнча Комиссиянын компетенциясы каралган.

Талкуу маалында депутат Дастан Джумабеков пломбалардын баасына көңүл бурду, алардын айрымдарынын баасы 500 долларга чейин жеткенин белгиледи. «Акыры пломбалардын баасы продукциянын кымбатташына алып келиши мүмкүн», - деди.

Ал эми депутат Чингиз Айдарбеков бул мыйзам долбоору эл аралык иштер боюнча комитеттин жыйынында кызуу талкууланганын белгиледи. Ал ЕАЭБге мүчө кайсы мамлекеттер бул келишимди ратификациялаганына кызыкты. Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев белгилегендей, учурда келишимди Орусия менен Беларусь ратификациялаган. Ошондой эле эл өкүлү кыргызстандык ишкерлер үчүн кыргыз-казак чек арасынан өтүү күндөн күнгө оорлошуп баратканын айтып, бул көйгөйдү чечүү үчүн өкмөттү ыкчам чараларды көрүүгө чакырды.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү