Белгилей кетсек, аталган демилгечи топ өлкөнүн бардык аймактарынан келген кыздар жана аялдардан түзүлгөн. Алар медиачөйрөдө аялдардын көйгөйлөрү боюнча кыргыз тилинде коомдук дискурс түзүү максатын көздөйт.
Баарлашуу маалында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, кыздардын укуктары, айыл жеринде билим алуу мүмкүнчүлүгү, көп аялдуулук, ала качуу, ошондой эле кесиптик чөйрөдө аялдарга квота берүү маселелери талкууланды. Андан тышкары, Кыргызстандын айылдарында жана алыскы аймактарында кыздардын өзүн-өзү өнүктүрүү укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жолдору боюнча пикирлер айтылды.
Депутат Эльвира Сурабалдиева гендердик теңчиликти камсыздоого жана аялдардын укуктарын коргоого багытталган демилгелерди колдой тургандыгын белгилеп, бул жаатта комплекстүү иш-чараларды өткөрүү керектигин кошумчалады.
Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү