Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Депутат Динара Ашимова залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун ысымын түбөлүккө калтыруу жаатында алгылыктуу аракеттер көрүлбөй жатканын белгиледи

14-05-2022
10:23

Бүгүн, 14 - майда кыргыз адабиятынын алпы, залкар жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы. Бул мааракенин алкагында уюштурулган иш чаралардын бири Бишкек гуманитардык университетинде өткөн илимий конференция. Ага Жогорку Кеңешке "Ыйман Нуру" фракциясынан депутат, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Динара Ашимова катышты.Талкуудагы айтылган маалыматтар, көтөрүлгөн маселелер тууралуу эл өкүлү "Парламент" радиосуна маек курду.

Кыргыз адабиятынын ХХ кылымдагы классикалык чыгармаларын жаратууда Түгөлбай Сыдыкбековдун салымы зор. Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сыдыкбеков илимге да бараандуу салымын кошуп, академик даражасына ээ болгон. Кыргыз тилинин өнүгүшүнө кылган камкордугу калемгердин коомдук иштеги көрүнүктүү иши. Жазуучу  85 жаш курагына чейин калемин колдон түшүргөн эмес, - деп белгиледи депутат.

Ошондой эле эл өкүлү Динара Ашимова, - “Сыдыкбековдун чыгармачылыгы Айтматовдун чыгармалары менен тең тайлаш жүрсө да, аларды башка чет тилдерге которуу жагы аксап келет. Жазуучунун эстелиги эч жерге коюлган эмес. Ысымын алган мектептер менен көчөлөр да жок. Бул жагынан маселе чукул чечилиши керек. Анткени, бул ойлондурчу маселе", - деди.

Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү